Бишкек.27.06.2019.Govori.TV.
Жогорку Кеңеш жалпы жыйынында мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги алынды. Мындай чечим ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынып, 103 депутат макул , 6 депутат каршы болду.
Мыйзам боюнча мамлекет башчыларын «экс-президент» статусунан ажыратуу үчүн жалпы депутаттардын үчтөн эки бөлүгү добуш бериши керек. «КР президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө» мыйзамына ылайык, экс-президент кылмыш жоопкерчилигине аталган макамынан ажыратылгандан кийин гана тартылат.
Эске салсак, Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссия түзүлгөн. Анын мүчөлөрү 17-июнь күнү Атамбаевге коюлуп жаткан айыптарды жарыялаган. 18-июнда комиссиянын ишинин жыйынтыгы Жогорку Кеңеште каралып, андан ары Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.
Ал эми көзөмөл органы 25-июнь күнү парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетте Алмазбек Атамбаевге атайын комиссия тарабынан коюлган алты айыптын бешөөнү негиздүү деп тапканын билдирген.