• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча токтомду Жогорку Кенеш кабыл алды

20 Кулжа 201915:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.06.2019.Govori.TV.

Бүгүн парламент мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча токтомду кабыл алды.

Депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып, акыры депуттатар добуш берип, токтомду 100 депутат жактырып, 5 депутат каршы чыгып токтом кабыл алынды.

Бул токтом эми Башкы прокуратурага жөнөтүлөт. Башпрокуратура Атамбаевдин иш-аракетинде кылмыш бар же жокпу деген укуктук баа бериши керек.

Эскерте кетсек, бир топ депутаттар Атамбаевди жоопко тартыш керек экенин айтып чыккандан кийин комиссия түзүлүп, ал демилгечи топ сунуш кылган тогуз айыптын алтоо боюнча Атамбаевден шектенүүгө жана укук коргоо органдарынын текшерүүсүнө негиз бар деген корутундуга келген.

Количество просмотров: 16