• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Атамбаевдин кол тийбестигин алууга ким кандай добуш берди? (тизме)

27 Кулжа 201913:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.06.2019.Govori.TV.

Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратышты.  103 депутат макул деген добуш берип, 6 эл өкүлү каршы болду. 

Каршы добуш бергендердин катарында Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Карамат Орозова, Анвар Артыков, Мурадыл Мадеминов жана Альфия Самигуллина бар.

Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын депутаттык комиссия кабыл алган чечимди Башкы прокуратурага өткөрүп берген. Демек, мурунку президент кылмыш ишине катыштыгы бар делип, камакка алынышы мүмкүн.

Количество просмотров: 20