• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы чек арачыларга эки джип белек кылган эмес

8 Тогуздун айы 2019 18:23 Бишкек Govori.TV

Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин мурунку жан сакчысы Эркин Мамбеталиев Баткен облусуна барып, чек арачыларга эки унаа белек кылды деген маалымат тараган. Бирок, Чек ара кызматы эч кандай унаа белекке берилбегенин айтышкан. Бул тууралуу 24.kg сайты жазды.

«Социалдык түйүндөргоө тараган сүрөттөрдөн улам, жол тандабастар Баткендеги ИИМдин ички түзүмүнө берилген»,-деп айтылат маалыматта. Ал эми ИИмдин жетекчилиги бул тууралуу маалымат бере элек.

Кошумчалай кетсек, Эркин Мамбеталиев 2008-жылы бир канча кишинин өлүмүнө шектелип, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Бирок, 2010-жылдын апрелиндеги окуялардан кийин сот тарабынан акталган.

 
 
Количество просмотров: 507