• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Атамбаевдин саламаттыгына байланыштуу Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму жылды

27 Чын куран 2020 11:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда былтыр 7-8-август күнү Кой-Ташта болгон окуялар боюнча кылмыш иши боюнча отурум 29-апрелге саат 10:00гө жылдырылды.

Маалыматка ылайык, мурунку президенттин саламаттыгы начар болгондуктан, сотко келе алган эмес.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Количество просмотров: 55