Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин №1 убактылуу кармоочу жайдагы ( СИЗО-1) бир нече тарапташынан коронавируска ПЧР-анализ алынды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Мурунку премьер-министр Сапар Исаков, мурунку депутаттар Равшан Жээнбеков жана Мээрбек Мискенбаев, мурунку президенттин аппаратынын мурунку башчысы Фарид Ниязов, УКМКнын мурунку кызматкери Канат Сагынбаев, ошондой эле Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев жана Карыпбек уулу Рыспек анализ тапшырды.
«Баарынын анализинин жыйынтыгында оору аныкталган жок», — деп айтылат маалыматта.