• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Атамбаевдин тарапташтары «эски элитага каршы» тынчтык митинг өткөрөт

3 Теке 2019 10:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.07.2019.Govori.TV.

Бүгүн Бишкекте «эски элитага каршы» тынчтык митинг өтөт. «Медиафорум» имаратынын алдына белгилеген иш-чарага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары катышаары айтылууда.

Белгилүү болгондой,  митингде «Эски элита кетип, жаңы элдик лидерлер келсин!» деген чакырык бийликке ташталат.

Бийлик Атамбаев жана анын тарапкерлеринин митинг тууралуу маалыматына расмий комментарий бере элек.

Айта кетсек, 27-июнда Жогорку Кеңештин Атамбаевдин «экс-президент» макамын алып, кол тийбестиктен ажыраткан чечими укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет. Мурдагы президенттин ондогон тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы анын үйүндө топтолуп турушат.

Количество просмотров: 4