• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Атамбаевдин тарапташтары Юстиция министринин отставкасын талап кылды

22 Чын куран 201910:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.04.2019.Govori.TV.

«КСДПдан колуңдү тарт”, “саясий рейдерликке каршыбыз” — деген ураан менен КСДП партиясынын мүчөлөрү Юстиция министригинин алдында митинге чыгышты.

Митингчилер Юстиция министрин жана министринин орун басары Эсеналиевди отставкага кетүүсүн талап кылып жатышат. Мындан тышкары “Биз Жээнбековдордун кулу эмесбиз, кулу болбошубуз керек”,- деген сөздөр дагы айтылууда.

Жогорку кеңешти, өкмөттү, юстициянын министрин мыйзам түрүндө иштөөнү, Сагынбек Абдрахмановду кетирип мыйзам чегинде чечимди кайра карап чыгууну талап кылып жатышат. Эгер мыйзам чегинде кайра караштырышпаса дагы нараазычылык акциясына чыгабыз деген ойлорун билдиришти.

Количество просмотров: 21