• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Атамбаевдин тарапташтарынын мүлкү камакка алынды

5 Үчтүн айы 20200:33 Бишкек Govori.TV

Кой-Таш окуясына байланыштуу иши каралып жаткан Индира Жолдубаева, Ирина Карамушкина Равшан Жээнбековдун мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева SUPER.KG порталына билдирген.

«30-декабрь күнү Мамлекеттик экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматынын тергөөчүлөрү токтомду колубузга карматып кетишти. Анда Кой-Таш окуясына байланыштуу иши каралып жаткандардын кимисинин мүлкү болсо, баарыныкы камакка алынганы маалымдалган. Тизмеде мен, Ирина Карамушкина, Равшан Жээнбеков бар. Асел Кодуранованын мүлкү жок болгондуктан, ал тизмеге илинген жок. Ал эми Мээрбек Мискенбаевдин мүлкү жок болсо да Мискенбаев деген фамилиялардын баарын камакка алып коюптур», — деген Жолдубаева. 

Количество просмотров: 504