• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Атамбаевдин тарапташы Амантур Жамгырчиев үй камагына чыгарылды

18 Бештин айы 201916:37 Бишкек Govori.TV

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Амантур Жамгырчиевди үй камагына чыгарышты.

Маалыматка караганда, мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды. Амантур Жамгырчиев тергөө менен байланышууга макулдугун бергендиктен, тергөөчүлөр анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүшкөн.

Эске салсак, мурунку президенттин тарапташтары Амантур Жамгырчиевге, Марат Шаменовго, Алга Кылычевге, Кыяз Смаиловго, президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязовго жана башкаларга «Массалык башаламандык», «Адам өлтүрүү», «Барымтага алуу» беренелери боюнча айыптар тагылган.

Булак: 24.kg

Количество просмотров: 368