• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жыл жыйынтыгы: Чек ара, аконит, «Кумтөр», камоолор… Жылдын чырлуу окуялары

2 Үчтүн айы 2022 11:00 Бишкек Govori.TV

2021-жыл бир катар чырлуу окуялар менен коштолду. Жемкорлукка айыпталган чиновниктердин биринин артынан бири  кармалышы, адам өмүрүн алган чек ара чыры, аракети мыйзамсыз делген 6-чакырылыштын кылыктары, калкты кыйнаган кымбатчылык, качкын президенттин кайтуусуна кериптер болгон “Кумтөр” иши сыңары коомчулуктун көңүлүн буруп, оюн эки анжы кылган  уруттуу учурларга кеңири токтолсок…

2020-жылдагы октябрь окуясынан улам өлкө башына келген жаңы  бийликтин “Кустуруу” операциясы бул жылы да уланды.  Муну менен катар эле “Кумтөр” иши жанданып, экс-президенттер баш болгон мурдагы чиновниктерге айып коюлду. 2021-жылы ондогон ири аткаминерлер менен саясатчылар жемкордукка, мыйзамсыз баюуга, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шек саналып камакка алынды. Бирок, жемкор делген аткаминерлердин кармалганынан эркиндикке чыкканы бат болду. Бул коомдо бир катар сын-кептерди жаратты.

Жазасын акчага айырбаштаган аткаминерлердин сап башында коррупциянын символу катары мүнөздөлгөн “Раим миллион” турду.

Бир катар кайчы кептер менен коштолгон “Кумтөр” ишинин алкагында 2005-жылдагы  тоңкөрүлуштөн соң өлкөдөн качып кеткен президент 16 жылдан соң алгачкы жолу өз мекенине келди. Бул окуя коомдогу олуттуу, сын кептер менен коштолгон көрүнүштөрдүн катарына кирди. Акаев кыргыз бийлиги менен келишим түзүп, кылмыш ишин иликтөөдө жардам берүү үчүн келгенин айткан.

Анын өлкөгө кайтуусу менен качкын президенттердин жоопкерчилик маселеси кылт этип, Бакиевдин да өлкөгө кайтып келүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеп козголду. Ал эми Акаев өлкөгө президент Жапаровдун жеке сунушу менен келгенин, андан айыптар толук алынганын жана эми ал башка жарандардай эле каалаган учурда мекенине келе аларын жар салды.

 Бул жылы мөөнөтү бир жылга узарган 6-чакырылыштын айланасында чырлар басылган жок. Легитимдүүлүгү талкуу жаратып жаткан учурда «Конституциянын атасы» атыккан  Өмүрбек Текебаев баштаган депутаттар парламенттин мөөнөтүн узартты.

Ал эми айрымдар бул пикирге кошулган жок. Алардын айтымында талаштуу мезгилде депутаттар кабыл алган чечимдер мыйзамсыз болуп калуусу ыктымал.

Деген менен дал ушул мөөнөтү мыйзамсыз узарды делген парламенттин колдоосу менен өлкөдө Баш мыйзам өзгөрүп, бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынып, пачкалаган мыйзам долбоорлору жактырылды. Ал эми мөөнө тү бүтүп кетип жаткан депутаттар мындан ары да «Ак үйгө» түз кирип-чыгууга уруксат берүү керектигин айып, күбөлүктөрүн калтырууну  сунушташты.

 Жаңы бийлик өз ордун бекемдөө менен алек болуп жаткан учурда Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде чыр чыгып, адам өмүрлөрү кыйылды.

Чырдын чыгышынын себеби кырызстандын аймагына тажик тарап видеокөзөмөл орнотуп, аны кыргыз тарапка каратып койгону болгон.  Таш ыргытуудан тутанган куралдуу кагылышуудагы окту тажик тарап биринчи чыгарган.Куралдуу кол салуунун жыйынтыгында кыргыз тарап бир топ эле чыгымга учураган. Баткен жана Лейтектин бир нече айылдары өрттөлгөн. Жай тургундардын үйлөрүнөн тартып аскерлер кайтарган чек ара заставалары, мектеп, бала бакча, соода дүкөндөр, май куюучу жайлар, унаалар  күйүп, а түгүл короодогу малдары айдалган.

Кыргыз-тажик чек-арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы чыр-чатакка байланыштуу сабырдуу позицияны карманган Кыргыз бийлиги коңшу мамлекетти ачык айыптоодон алыс болду.

Мындай билдирүү коомчулукта кескин сынга кабылып, кыргыз тарап тарткан чыгымдарды төлөтүү, агрессия жазаган тарапты жоопко тартуу  учүн чечкиндүү кадамдарга баруусу керектигин айткандар болду.

36 адамдын өмурүн алган бул чыр коңшу өлкөлөр менен чек ара сызыктарын тактап алуу керек экенидигинин жана бул өто кылдат мамилени талап кылаарын айгинеледи. Эгемендик алгандан бери Кыргызстан  коңшулар менен чиеленишкен чек ара маселесин чечүү аракетин чеч аракетин көрүп келебиз деген менен андан майнап чыкпай жатканы өкүндурбөй койбойт.

Ал эми саясат өз нугунда кайнап жатты. Бул арада 2020-жылдагы октябрь окуяларына байланыштуу кылмыш иши ачылып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын кеңешчиси Фарид Ниязов, жансакчысы Канат Сагынбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жана саясатчы Өмүрбек Бабановдорго айып коюлган.

Бул жагдай да коомчулукта бир катар түшунбөстүктөрдү жаратты. Октябрь окуялары боюнча кылмыш иши козголуп, ага катышкандар кармала баштаганы туура эмес дегендер да жок эмек.

Кармалгандар демекчи бул жылы резонанстуу кылмыш иштеринен улам эмес, социалдык тармакта жазган пикири үчүн камакка алынган учур катталды. «Ханституцияга каршы» борборунун  мүчөсү, жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулу 1,5 жылга эркинен ажыратылды.

Муну менен өлкөдөгү сөз эркиндиги талкууга түштү. Жаңы мыйзамда сөз эркиндигине  басым күч алып жатат дегендер да болду. Буга кошумча чуулгандуу “Маалыматты манипуляциялоо” жөнүндөгү мыйзамдын аты өзгөрүп, кабыл алынышы болду. “Жалган маалыматтан коргонуу” деп өзгөргөн бул мыйзам бийликке эч бир соттун чечими жок эле жалган маалымат тараттты делген интернет сайтын жабууга, социалдык түйүндөрдөгү аккаунттарды да бөгөттөөгө укук берет.

Бул жылыдагы коомдо чуу жараткан окуялардын катарына түрк тектүү кыргыз жараны ишкер Орхан Инандынын уурдалып, өлкөдөн чыгарылып кетиши болду. 1 айдан ашык дайыны чыкпай жаткан Инанды Түркиядан табылып, ал «куралдуу террордук уюмду башкарууга» айыпталып  жатканы кабарланды. Инандынын уурдалышы өлкө жарандарынан коопсуздугу боюнча бир катар кептердин жаралуусуна негиз болду.

Өз кезегинде бийлик “Биз буга чейин айтканбыз уурдап кетүү аракеттери болушу мүмкүн, жалгыз жүрбөөгө кеңеш бергенбиз” деп тим болду.

  Ал эми коронавирус менен күрөш бул жылы да уланды. Тажы илдетинин айланасында жаралган жагдайлардын арасынан Президент менен Саламаттыкты сактоо министри биргеликте ага каршы уу коргошун кайнатмасын кайнатып жатканы талкууга алынды. Коронавирус менен күрөшүүдө жардам берет деген уу коргошун тундурмасын министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде ичип, көпчүлүктүн эрмегине айланды.

Өткөн жылга салыштырмалуу катаал чектөөлөр болбосо да, вирус өзү жөнүндө эскертип турду. Күн сайын ондогон адамдардан жаңы учурлар аныкталып жатат, каза болгон учурлар да бар. Көпчүлүктүн көкөйүнө тийген таажы илдетине каршы вакцина сайылы баштады. Учурда өлкөдө 6 түрдүү вакцина менен эмдөө жүрүүдө. Вакцинанын тегерегинде да бир катар кайчы кептер айтылып, жарандардын вакцинага болгон ишеничин солгундатты.

Ал арада өлкөдө кымбатчылык өкүм сүрдү. Тамак-аш азыктарынан тартып, күйүүчү майдын, отун-суунун баасы өстү. Буга далил катары жөнөкөй сабиздин баасы базарда 100 сомдон ашып түшкөнүн, ал эми бензиндин баасы дээрлик эки эсе кымбаттагын айтса болот.

Ал эми өлкө башчы Жапаров мамлектеги абалды турукташтырууга бир аз убакыт керек экенин билдирен.

Бийликке жаңы келгенде Жапаров бир нече ай сураса, бийлиги отурукташып, калыпталып калган президент өлкөнү оң жолго салуу үчүн бир нече жыл керектелерин айтты.

Өлкөбүз өнүгөт, экономикалык абал өргөрө өсөт буга бир гана убакыт керек деген бийлик карапайым калкты күтүп турууну сунуштап келет. Ал эми калктын күткөндөн башка аргасы жок экени айтпаса де белгилүү.

Количество просмотров: 1179