Бишкек.16.08.2019.Govori.TV.
Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев Дача-Суга кулаган учактагы жүктүн ээси апасы Раиса Атамбаева деген кептерге жооп берип жатып, мунун барын Текебаев ойлоп чыгарганын айтты.
«Алгач Текебаев учакта биздин электротехниканы ташыган деп чыккан. Андан соң жакынкы берген маегинде электрондук чайнектердин ичине алтын салып ташышкан деди. Бул акылынан кеткен аңкоо! Ким чайнектерге салып алтын ташысын? Бул болбогон кеп»,-деп айткан эле.
Мындай билдирүүгө мурунку депутат Өмүрбек Текебаевдин кызы Айданек жооп берип, Атамбаевдин уулунун деңгээлине түшкүсү келбегенин айтты.
«Мен мындай ыплас билдирүүлөргө жооп да, комментарий да бергим келбейт. Анын айткандарын көрүп жатып аягына чыга алган жокмун. Ал атасын актап жатат, аны жакшы түшүнөм. Бирок, жекеликке өтпөсү керек жана мындай өзүн адепсиз алып жүргөн болбойт»,-деди ал.