• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Атамбаевдин жактоочусу Жоошев Аскер прокуратурасына суракка чакыртылды

13 Бештин айы 2019 17:25 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев ага Аскер прокуратурасынан чакыруу келгенин «Азаттыкка» кабарлады. Чакыруу 13-декабрь саат 17:00гө белгиленген. Бирок Жоошев чакырууда макамы белгисиз болгондуктан суракка барбай турганын билдирди:

Кайсы маселе, кайсы иш боюнча чакырып жатканы түшүнүксүз. Ал жерде мындай жазып коюптур, «сизге тиешелүү суроолор боюнча» деп. Эми мага көп нерсе тиешелүү да. Мен барбайм. Бул чакыруу жарабайт. Кандай болгон күндө да мен коргоп жаткан жарандар боюнча маалымат бере албайм, — деп жазган ал.

Азырынча Аскер прокуратурасынан маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек. Замир Жоошев Кыргызстандагы соттолуп жаткан бир нече саясатчынын жактоочусу катары белгилүү. 

Количество просмотров: 32