• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Атамбаевдин жакындары ага операцияны чет өлкөдөн кылуу керектигин айтып чыгышты

13 Кулжа 2022 12:40 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакындары билдирүү таратып, абактагы Атамбаевдин ден соолугу начарлап жатканын айтышты.

Алар тараткан билдирүүгө ылайык, эгерде 2018-жылдагы КТ боюнча жүрөк жана кан тамырлар таза болсо, учурда жүрөктүн оорусу, стенокардия жана аортанын атеросклерозу жана стеноз менен коронардык тамырлар аныкталган.

«Үстүбүздөгү жылдын 23-мартында ИИБ кызматкерлери тарабынан күч колдонуудан кийин Атамбаевде омуртка грыжасы аныкталган», — деп жазышат мурдагы президенттин жакындары.

Ошондой эле алар мурдагы президенттин тамак сиңирүү органдарынын иши да начарлап кеткенин белгилешет.

«Барреттин кызыл өңгөчүнүн диагнозуна жана бейтаптын абалына байланыштуу ультра жогорку резолюциядагы эндоскопия, керек болсо кызыл өңгөчтүн аргон-плазмалык абляциясын кайталап жасоо сунушталат. Тилекке каршы, биздин өлкөдө бул эки операцияны жасоо мүмкүн эмес. Ооба, омуртка оорусунан улам сунушталган прегабалин жана лирика деген фармацевтикалык дарылар ооруну убактылуу басаңдатып, көз карандылыкты жаратат. Дарылоонун башка ыкмаларын издешибиз керек”, — дешет алар.

Количество просмотров: 1765