Бишкек. 27.09.2018. Govori.TV
Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди Аскер прокуратурасына чакырылды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.
Анын айтымында, көзөмөл органында Канат Сагымбаев менен анын кесиптеши бетме-бет кездештирилет.
«Канат Сагымбаев менен анын кесиптешинин көрсөтмөлөрүндө карама-каршылыктар бар. Экөө тең күбө катары өтүүдө. Тергөөчүнүн процедуралык суроолору бар, ошондуктан Канат Сагымбаевди чакыртышты», -деди жактоочу.
Эске салсак, 8-августта Атамбаевди кармоо операциясын ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган. Жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев багынып берген.