• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Атамбаевдин жан сакчысы эмне үчүн кызматтан алынганы айтылды

20 Аяк оона 201917:49 Бишкек Govori.TV

КР УКМК өздүк коопсуздук кызматы тарабынан 9-кызматтын кызматкери Канат Сагымбаевге карата эки кызматтык териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, июль айында К.Сагымбаев кайтаруудагы объект жок учурда жетекчиликтин кызматтык куралды тапшырып, атайын техниканы гаражга тапшыруу көрсөтмөсүн аткарбай койгон. Анын жыйынтыгында ага толук эмес кызматтык шайкештик жарыяланган.

2019-жылдын сентябрь айында жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында КР УКМК ички Инструкциясына карабастан, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен байланышка барган.

Жогоруда айтылган кызматтык териштирүүлөрдүн жыйынтыгында К.Сагымбаев “Кызматтык дал келбестик” беренесинин негизинде коопсуздук органдарынан бошотулду.

Количество просмотров: 168