• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Атамбаевдин жан сакчысы УКМКнын 9-кызматынан иштен алынды

20 Аяк оона 2019 13:59 Бишкек Govori.TV

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев УКМКнын 9-кызматынан иштен алынды. Бул тууралуу Кадырбек Атамбаев фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, Сагымбаев Алмазбек Атамбаевди туулган күнүндө куттуктагандыгы үчүн иштен алынган.

» 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяда Канат Сагымбаев УКМКнын 9-кызматынын аскери катары мурунку президент Алмазбек Атамбаевди коргоо милдетин так аткарганын айткым келет», — деп жазган Атамбаев.

Эске салсак, 7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.

Количество просмотров: 411