• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Атамбаевдин жансакчысы СИЗОго кетип жатып, апасын кучактады (Видео)

27 Аяк оона 2019 9:30 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди үй камагына чыгаруу өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты.

Сот Сагымбаевдин баш коргоо чарасы карап, аны 8-октябрга чейин Бишкектин №1 тергөө абагында кармоо чечимин кабыл алды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевди адам өлтүрдү деп айыптап жатышат. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев өз баракчасына жазып чыкты.

“Канат Сагымбаев 7-августта спецназдын балдарын өлүмдөн куткарган. Эми болсо аны киши өлтүрүүдө айыптап жатышат”, -деп жазган Жоошев.

24-сентябрда Канат Сагымбаев 48 саатка камакка алынган.

Эскерте кетсек, Канат Сагымбаев УКМКнын кызматкери болуп, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кайтарууга жиберилген.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президентти кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болгон. Ар түрдүү жараат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.

Мурда, УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы Канат Сагымбаевге карата эки кызматтык териштирүү ишин жүргүзгөн. Июль айында К.Сагымбаев кайтаруудагы объект жок учурда жетекчиликтин кызматтык куралды, атайын техниканы гаражга тапшыруу көрсөтмөсүн аткарбай койгон. Анын жыйынтыгында ага толук эмес кызматтык шайкештик жарыяланган.

Количество просмотров: 468