Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылынын тургундары мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевди колдоп чыгышты. Алар бийликке жана президент Сооронбай Жээнбеков кайрылышып, Сагымбаевдин ишин ачык териштирип берүүнү талап кылышты. Бул тууралуу социалдык тармакка видео жарыяланды.
Эске салсак, сот Сагымбаевдин баш коргоо чарасы карап, аны 8-октябрга чейин Бишкектин №1 тергөө абагында кармоо чечимин кабыл алган.
Кошумчалай кетсек, Канат Сагымбаев УКМКнын кызматкери болуп, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кайтарууга жиберилген.
7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президентти кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болгон. Ар түрдүү жараат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.
Мурда, УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы Канат Сагымбаевге карата эки кызматтык териштирүү ишин жүргүзгөн. Июль айында К.Сагымбаев кайтаруудагы объект жок учурда жетекчиликтин кызматтык куралды, атайын техниканы гаражга тапшыруу көрсөтмөсүн аткарбай койгон. Анын жыйынтыгында ага толук эмес кызматтык шайкештик жарыяланган.