• Бейшемби 18 Кулжа 2026
  • Четверг 18 Июнь 2026

Атамбаевдин жардамчысы Жээнбековго кеңешчи болду

27 Чын куран 201813:47 Бишкек Govori.TV
Бишкек 27.04.2018. Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков  Айбек Азыранкуловдун өзүнө кеңешчи кылып дайындаган буйрукка кол койду. Бул тууралуу анын маалымат-кызматы кабарлады.
Анда белгилүү болгондой, Айбек Азыранкулов КСДП партиясынын мүчөсү, көп жылдар бою экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы болуп жүрүп, кийин Чүй облусуна губернатор, КРнын жаштар жана эмгек министри, Жогорку Кеңештин депутаты болуп да эмгектенген.
Кесиби-психолог, Чүйдүн Чалдывар айылында 1979-жылы туулган.
Количество просмотров: 105