• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Атамбаевдин ЖКдагы мурдагы өкүлү үй-бүлөсү менен дарыяга түшүп кеткени айтылууда

2 Теке 2019 11:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.07.2019.Govori.TV.

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен Көкөмерен суусуна түшүп кетти делип изделүүдө. Бул маалыматты Чүй облусунун башчысы Алтынбек Намазалиев тастыктаганын Sputnik Кыргызстан агенттиги жазды.

Анын айтымында, Абдылдаев 30-июнь күнү Ат-Башыдан чыгып Суусамырдагы Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине бара жаткан. Жанында келинчеги да болгон.

«Жолдон кырсык болуп машина сууга түшүп кетти деп жатышат. Ошол жерден көргөндөр кабар беришиптир. Өзүнүн жеке унаасы менен бараткан. Жанында келинчеги бар экен. Туугандары да болушу мүмкүн, кимдер экенин так айта албайм. Кудай сактасын, жакшылыктан үмүт үзбөй туралы! Молдакун Абдылдаев кесипкөй адис эле», — деди Намазалиев.

Мындан сырткары, ал жеринде өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары, Жайыл районунун акими, ӨКМдин Чүй облусу боюнча башчысы, аскерлер иш алып барып, жергиликтүү тургундар да издөөгө жардам берип жатканын белгиледи. Бул боюнча штаб уюштурулган.

Кырсык Көкөмерен суусунун Нарын менен Чүй облусунун чектешкен жеринде болгону болжолдонууда.

Белгилей кетсек, Молдакун Абдылдаев 2014-2018-жылдары мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп иштеген.

Количество просмотров: 3