• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Атамбаевге карата сегиз иш боюнча тергөө жүрүп жатат

18 Кулжа 201911:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.06.2019.Govori.TV.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата депутаттык комиссия коюп жаткан тогуз киненин сегизи Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, тергөө жүрүп жатат.

Бул тууралуу бүгүн 18-июнда комиссиянын жыйынында маалымат берип жатып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматынын директорунун орун басары Талантбек Кожонов билдирди:

— Тизмедеги сегиз факт Кылмыш-жаза кодексинин талабына ылайык прокуратурада Кылмыштарды каттоо реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш, башкача айтканда, тергөө жүрүп жатыптыр.

Депутаттык комиссия мурдагы мамлекет башчысына тогуз бөлүмдөн турган оор айыптарды коюп жатат. Анын ичинде кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, коррупция, жерди мыйзамсыз трансформациялоо, акча адалдоо, Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жемкордук, бийликтин узурпациясы деген башка кинелер бар.

Атамбаев баштаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы депутаттык комиссиянын жыйынында айтылгандарды «чуулгандуу коррупциялык иштерден коомчулуктун көңүлүн буруу» деп баалап жатат.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 14