Атамбаевге кол салуу болгону тууралуу тарапташы Кундуз Жолдубаева өздүк баракчасы аркылуу кабарлады.
Андан соң видео-тасма жарыялап Атамбаев жабыркабаганын анын унаасына ок тийгенин айткан.
Айта кетсек, “Ала-Тоо” аянтында митингчилер кагылыша кеткен учурда ок атылганы жөнүндө видео тараган, анда белгисиз адам жүрүп бараткан унааны көздөй ок чыгарган.
Буга чейин эски аянтта турган Садыр Жапаровдун тарапташтары ал эми “Ала-Тоо” аянтына “Форум” имаратына чогулган Атамбаев менен Бабанов баш болгон топ келип митинг өтүп жаткан.
Ал арада Мелис Аспеков фейсбук баракчасына биринчилерден болуп, Атамбаев менен Бабановчулар тарабынан ок атылганын айтты.