• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Атамбаевге кошулган Азамат Баяманов «Республика-Ата-Журт» партиясына тиешеси жок

3 Теке 2019 9:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.07.2019.Govori.TV.

Атамбаевге кошулган «Республика-Ата-Журт» партиясына жаштар канатынын лидери катары тааныштырган Азамат Баямановдун партияга эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу аталган партиядан кабарлашты.

https://www.facebook.com/jash.respublika/posts/2765367320204617

Буга чейин өзүн «Республика-Ата-Журт» партиясынын жаштар канатынын лидери катары тааныштырып, мурунку президент А. Атамбаевдин үйүнө колдоо көрсөтүү максатында барган Азамат Баяманов Атамбаевчилер тарабынан уюштурулуп жаткан митингге «Республика-Ата-Журт» да катышаарын айтты. Мындай билдирүүсүн ал Фейсбуктагы өздүк баракчасына жарыялаган.

«Мен Азамат Баяманов, «Республика — Ата-Журт» партиясынын жаштар канатынын лидери катары бүткүл Кыргызстандыктарды өлкөдө болуп жаткан мыйзамсыздыкка, акыйкатсыздыкка каршы турууга чакырам!

Биз жаштар эртең саат:16:00дө Медиа-форумдун алдында «Элдик штаб» уюштуруп жаткан тынчтык митингине катышабыз. Кыргызстанда эски элита түп тамырынан бери жок болуп, жаңы жүздөр, жаңы лидерлер келиши керек!

Кыргызстанда системанын реформасын жаңы лидерлер гана жасай алат! Кыргызстан бизге керек! Башка жерден бирөө келип оңдоп бербейт! Четте карап турбагыла! Катарга кошулгула!»,-деп жазган ал билдирүүсүндө.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=2356775821203150&set=a.1652332581647481&type=3&theater

Эске салсак, 3-июлда «Соке болбой калды» деген аталыштыгы тынчтык митингги өтөт. Ага мурунку президент Атамбаев да келип катышаары айтылган.

Белгилей кетсек 27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди «экс» макамынан ажыраткан.

Ал эми Атамбаевдин тарапташтары бир нече күндөн бери анын Кой-Таштагы үйүнө чогулушуп «элдик штаб» түзүп, чогулуп турушат.

Количество просмотров: 7