• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Атамбаевге таандык деген дагы каналдын мүлкү камакка алынды

28 Баш оона 201917:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.08.2019.Govori.TV.

7- каналдын Ош шаарындагы мүлкү камакка алынды. Маалыматты КСДП тастыктаганын жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, укук коргоочулар телеканалдын жамаатын кеңсеге киргизбей жатышат. Кеңсеге жана андагы жабдыктарга мөөр басып кетишкен.

“Канал D” (Канал Ди) ЖЧКсы аркылуу каттодон өткөн 7- канал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин медиаактивдерине кирет.

Буга чейн Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбавдин жана анын жакындарынын камакка алынган мүлктөрүнүн тизмесин жарыялаган.

27-августта Башкы прокуратура кайра Атамбаевке таандык 20 кыймылсыз мүлктүн камактан чыгарылгандыгын билдирген.

Количество просмотров: 13