• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Атасы үчүн балдары жооп бербеши керек». Тазабек Икрамовдун сунушу депутаттарга жаккан жок

2 Кулжа 2020 14:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-июнда парламент комитетинде коррупция боюнча соттолгондорду жана анын жакындарын депутаттыкка аттанууга тыюу салган мыйзам долбоору каралып, колдо тапкан жок.

Мыйзам долбоору боюнча депутат Тазабек Икрамов баяндама жасап жасады. Анын айтымында, Жогорку Кеӊештин депутатына шайлоого катышуусуна тыюу салуу сунушталууда. «Ошондой эле ошол берене боюнча соттолгондордун жакын туугандары өз талапкерлигин коё алышпайт», — дейт Икрамов.

Бул долбоорду талкулоо учурунда эл өкүлдөрүнүн ортосунда талкуу жаралды, айрымдары атасы үчүн балдары жооп бербеши керектигин айтышса, кээ бирлери ал үчүн соттор көз карандысыз болушу зарылдыгын белгилешти.

Количество просмотров: 348