• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Атасына 14 жолу тапанча менен ок аткан баласы кармалды

7 Бирдин айы 202013:49 Бишкек Govori.TV

Россиянын Москва районунда улгайып калган атасынын башына 14 жолу тапанча менен ок аткан баласы кармалды. Жаракат алган жаран ооруканага жеткирилип, ийгиликтүү операция жасалган.

Ал эми баланын унаасынын ичинен травматикалык тапанча табылганын Москва райондук тергөө бөлүмү сайтында жарыялаган. Сурак учурунда ал бул кылмыш иши боюнча күнөөсүн мойнуна алган. Бирок кылмыштын себептери айтылган эмес. Ага адам өлтүрүүгө аракет жасоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, жакын арада баш коргоо чарасы каралат.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, окуя болгон учурда жабырлануучунун аялы болгон. Анын айтымында, күйөөсүнүн биринчи аялынын баласы тапанча менен келген. Тапанчасын көргөн аял жашынганга жетишкен. Ок атылып бүткөндөн кийин жашынган жеринен чыгып, тез жардам кызматын чакырган.

Количество просмотров: 81