• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Атасынан таяк жеген балдардын абалы оор

22 Кулжа 201921:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.06.2019.Govori.TV.

Чүй облусунун Сокулук районунда 3 жана 5 жаштагы балдар өз атасы тарабынан сабалып, ооруканага түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталы жазды.
Маалыматка ылайык, 21-июнь күнү Сокулук районунун жашоочусу ичимдик ичип келип 3 жана 5 жашар балдарын катуу сабап, натыйжада алар аймактык ооруканага жеткирилген.
Балдардын апасы Айпери Исраил кызы өз балдарына кол көтөргөн адамдын камалышын каалайм деп билдирген.
«Өзүм Сокулуктагы айылдардын биринде саанчы болуп иштейм. Кече мен жумушка кеткенде жолдошум ичимдик ичип келип балдарымды сабаптыр. 3 жашар баламды экинчи кабаттан 1-кабатка ыргытып жиберген окшойт. Себеби мен ызы-чууну угуп келсем, балам биринчи кабаттын тепкичинде жатыптыр. Азыр абалы оор»,-деген Айпери Исраил кызы.
Кошумчалай кетсек, катталган факт боюнча балдардын атасын милиция кызматкерлери кармап кеткен.Ал эми сабалган балдар учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө экени айтылган.

Количество просмотров: 20