Бишкектин Ататүрк сейил багынын аймагындагы объекттерди алуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы атайын маалымат таратты.
«Малдыбаев көчөсү, 69 дарегинде узундугу 86 метр болгон тосмо демонтаждалууда. Мындан тышкары, 14 метр узундуктагы чатыр алынат. Жашоочулар №104/1 дарегиндеги 4 кабаттуу үйдүн айланасындагы тосмону өз ыктыяры менен демонтаждоо иштерин башташты. Бул тосмо муниципалдык аймакка тиешелүү уруксат документтери жок орнотулган», — деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө Бишкек мэриясынын кызматтары сотко 41 доо арыз менен кайрылышканы кошумчаланды.