• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Атазов: Аэропорттор тышкы башкарууга берилбеши керек

30 Кулжа 2022 16:40 Бишкек Govori.TV

Аэропорттор тышкы башкарууга берилбеши керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов билдирди.

Анын айтымында, аба майдандар стратегиялык маанидеги объекттер болуп саналат

«Биз тышкы башкарууга берилбеши керек деп эсептейбиз. Бул жерде тышкы башкаруу эмес, реконструкциялоо боюнча маселе. Кандай болгон күндө дагы Бүткүл дүйнөлүк банктын эрежелери менен ачык конкурска катышуусу керек болчу.  «Манас» жана «Ош» аэропортторун жең ичинен сүйлөшүлгөн компания менен оңдоп-түзөөдөн өткөргөн туура эмес»,-деди депутат.

Эске салсак, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-июдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Манас» жана «Ош» аэропортторун реконструкциялоо үчүн ачык сынакта мамлекеттин сунушуна макул болгон бир дагы компания келбегендиктен, түркиялык YDA деген компания менен алдын ала макулдашуу жүрүп жатканын билдирген эле.

Количество просмотров: 93