• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Атазов “Бейөкмөт уюмдар” жөнүндөгү мыйзамды демилгелеген топтон чыкты

21 Кулжа 2023 20:51 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлоо бек Атазов “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” мыйзамга авторлош болуудан баш тартты. Бул тууралуу юрист Таттуубүбү Эргешбаева билдирди.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып жатышат.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Количество просмотров: 75