• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Мандат маселеси. Атазовдун иши шаардык сотто каралат

2 Чын куран 2024 12:04 Бишкек Govori.TV

Шайлообек Атазовдун мандат боюнча иши шаардык сотто каралат. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы жазды.

«Урматтуу мекендештер! 3-апрель күнү саат 9:00 шаардык сотто арыз каралат. Сот ачык өтүп эл чындыкты билиши керек! Кыргызстандын депутатынын укуктарын чектөө атайын конституциялык мыйзам менен бекитилген. Ал беренелер боюнча менде бир да мыйзамсыз ишим жок. Эч кандай кылмышым да жок. Мыйзам боюнча административдик соттун судьясы биздин конституциялык укуктарды чектей албайт. Демек, эртеңки Бишкек шаардык сотунда чындык жана мыйзам гана үстөмдүк кылат — деп ишенем»,-дейт Атазов.

Бишкектин административдик соту 1-мартта Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке келген Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Сот чечимине ылайык, депутаттык мандат Абдурахманхажи Муртазалиевге берилет. Атазов чечим менен макул эместигин айтып келет.

Количество просмотров: 58