• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Сот адилетүү деген сөзгө көө жапты!». Атазов үн катты

7 Жалган куран 2024 10:44 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов мандатынан ажыратуу боюнча Бишкектин административдик соту чыгарган токтом тууралуу үн катты.

Ал соттун чечими мыйзамсыз экенин айтып, төмөндөгүлөргө токтолгон.

«Конституцияда, мыйзамда жок нерсени жасады. Мамлекеттик түзүлүшкө, сот системасына доо кетирди! Сот адилетүү деген сөзгө көө жапты! Соттордун бүгүнкү кадамы өлкөбүздө адилеттүүлүк, мыйзамдуулук канчалык деңгээлде экенин далилдеп турат. Шашпай эле, мен дарыланып бүткөндө, кол салышса да жетишмек! Ар бир нерсенин эрежеси бар да. Мисалы спортто атайын эрежелер бар. Жыгылсаң сокпойт… Саясатта да саясий маданият, эреже болуш керек! Эч кандай юридикалык аргумент,фактылары жок»,-деп жазды Атазов.

Бишкектин административдик соту 2022-жылдын февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарды.

Бишкектин административдик соту ушул эле округдан 2022-жылы шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртазалиевге мандат берүү токтомун чыгарган.

Мыйзам бузууларга байланыштуу Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко Абдурахманхажи Муртазалиев кайрылган. Муртазалиев 22-февралда ушундай эле арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, БШК арызды канааттандырган эмес. Ал бул чечимге каршы сотко арыз берген.

Буга чейин, Бишкектин Свердлов райондук соту былтыр Шайлообек Атазовдун шайлоо кампаниясында иштеген делген эки адамга өкүм чыгарган. Райондук сот 21-декабрда эки кишини (К.А.О. жана М. У.А.) Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, экөөнө тең 100 миң сомдон айып пул салган.

Эске салсак, 15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал чыккан. Анда алар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго байланышы бар экени жүйө келтирилген.

Ал эми 22-февралда Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өздөрү жазган арыздын негизинде алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Количество просмотров: 199