• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Атазов: Буга чейин Кемпир-Абадды ким башкарган?

15 Жетинин айы 2022 17:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынынында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы айрым жерлерин ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору каралууда.

Учурда жыйынга комитеттин 12 депутаты катышууда. Анда Шайлообек Атазов учурда Кемпир- Абад суу сактагычын ким башкарып жаткандыгына кызыкты.

«Кемпир-Абад суу сактагычын орток башкарабыз деп жатасыңар. Буга чейин аны ким башкарып келген?»,- деп суроо узатты.

Тиешелүү тарап өзбек тарап башкарып келгенин айтты.

Количество просмотров: 318