Бишкектеги эки округ боюнча кайра шайлоого катышуу ниетин билдиргендер 32ге жетти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, №29 Свердлов округу боюнча 19, №27 Биринчи Май округу боюнча 13 адамдан талапкер болуп катталуу тууралуу арыз түштү. Алардын арасында алтынчы чакырылыштын депутаттары Элвира Сурабалдиева, Ирина Карамушкина, Шайлообек Атазов жана Рыскелди Момбеков бар.
Эске салсак, атталган эки округда 2020-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуш эң көп болгондуктан 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.