• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Аткаминээрдин 24 жаштагы уулу кичинекей балдарды катуу сабап салган

28 Кулжа 201913:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.06.2019.Govori.TV.

Интернетте Гульзат Жумакова аттуу фейсбук колдонуучусу, анын 9 жана 10 жаштагы балдарын 24 жаштагы аткаминээрдин баласы сабап салганын айтып, балдарынын сүрөттөрүн жарыялаган.

Анын айтымында, окуя 22-июнда, Жал кичирайонунда болгон.

«Ыйман (9 жаштагы уулу) кошунанын баласы менен ойноп жатып, мушташа кеткен. Ал экөөнү ажыратуу аракетин Акыл (10 жашта) көрүп жатканда, тиги баланын агасы келип, менин балдарымды инисине болушуп сабап салган. Азыр эки уулум тең 3-балдар ооруканасында жатышат. Көбүнчө улуу балам катуу жаракат алган»,-деди Жумакова.

Ал кошумчалагандай, алгач кошуналар менен тынч сүйлөшүүнү туура көрүп, үйүнө барган, бирок андан эч кандай майнап чыккан эмес. Балдардын атасы эч нерсе кылбаарын айткан.

«Балдарымды сабаган 24 жаштагы баланын атасы Мамлекеттик каттоо кызматында иштейт. Бул ишти жаап койгонго мүмкүнчүлү жана тааныштары бар»,-деген эне бул ишке тийиштүү көңүл бурулбай калуусу мүмкүн экенин айткан.

https://www.facebook.com/gulya.zhumakova/posts/2357395904354170
Количество просмотров: 26