• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Аткаминерлердин керектөөлөрүн аткаруу үчүн чартердик каттамдар уюштурулуудабы? «Манас» аэропорту билдирүү таратты

13 Теке 2020 12:25 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда тарап жаткан жогорку атка минерлердин керектөөлөрүн аткаруу үчүн уюштурулган чартердик каттамдар тууралуу чындыкка дал келбеген маалымат боюнча «Манас» эл аралык аэропорту» ААК төмөнкүнү билдирет:

Дүйнө жүзүндө эпмдемиологиялык кырдаалдын начарлашынан улам жана башка өлкөлөр менен аба байланышына тийиштүү чектөөлөрдү киргизүү мөөнөтүндө «МЭА» аэропортторуна мезгил-мезгили менен буйрутмалык чартердик санитардык каттамдар аткарылууда. Бул каттамдар жүргүнчүлөрдүн билдирмеси менен медициналык эвакуациялоо максатында, ошондой эле камсыздандыруу учурларында аткарылат.

Маалымат иретинде билдиребиз, аталган каттамдар менен чет элдик дипломатиялык кызматтардын өкүлдөрү жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын кызматкерлери, чет элдик жарандар пайдаланат. Кыргызстандын жарандары мындай каттамдар менен учкан эмес.

Ошондой эле «МЭА» ААК аэропорттору аркылуу дүйнөдө учуулардын чектелишинен улам өздөрүнүн өлкөлөрүнө учуп кете албай жаткан чет элдик жарандарды эвакуациялоо үчүн чартердик каттамдар аткарылып жатат.

«МЭА» ААК жалган маалымат таратпоону суранат. Учурда орун алган эпидемиологиялык абалда «МЭА» ААК кызматкерлердин жана жүргүнчүлөрдүн бардык коопсуздук чараларын так камсыздоо менен күнү-түнү иштеп жатат.

Количество просмотров: 150