• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Аткарылбаган убада, жообу жок суроолор… Дача СУлуктардын бийликке болгон таарынычы өстү

18 Үчтүн айы 2021 18:25 Бишкек Govori.TV

Дача СУ конушунда жашоо күндөгүдөй өтүп жатат. Ар бир айыл тургуну өз жашоосу, тиричилиги менен алек.  Деген менен бул айыл тургундарын  мындан 4 жыл мурун орун алган апаат кайрадан кайталанбайбы деген коркунуч бириктирет.

«Манас» эл аралык аэропортунун жанындагы бул кыштакка 2017-жылдын 16-январда таң эрте «Boeing-747-412F» үлгүсүндөгү бортунда 85 тоннадан ашык жүгү бар учак кулаган.

Түркиялык компаниясына таандык «Boeing» аэропорттун учуу тилкесине коно албай экинчи айлампага көтөрүлүп бараткан учурда калктуу конуштун үстүнө кулаган.

Кыргыз элинин эсинде кара так болуп калган бул каргашалуу окуя Дача СУ тургундарынын бирин да айланып өткөн эмес.  Ар биринин жакыны, тууганы, санаалашы, кошунасы тынч уйкуда жатып жан берген.

Арадан 4 жыл өтсө да көйгөйлөр чечилбей келгенин айткан тургундардын көөдөнүндө көксүп калган бийликке болгон таарынычы бар. Өз жашоосун өзү тартып келе жаткан тургундар өкмөткө кайра-кайрадан кайрылуудан деле майнап чыкпай келгенин айтышат.  

Ошол каргашалуу кырсыкта элден оолак болгон бийлик азыркыга чейин деле карапайым элдин көйгөйлөрунөн алыс болууда дейт жергиликтүү тургун Бакыт. Анын айтымында жардам катары келген каражаттар чынында муктаж адамдарга жетпей калган.

Кошумчалай кесек, каргашада жабыркагандарга жардам берүү үчүн ар ким өз көмөгүн көрсөткөн. Маалыматтар боюнча ачылган атайы эсепке 102 млн. сомдон ашык акча түшкөн. Мындан тышкары түрк тарап менен да акчалай компенсация берүү макулдашылган.

Өкмөт анда чогулган акча калыс, текши бөлүштүрүлгөнүн айтып келет.

Тынч уйкуда жаткан 35 тургун жана учактагы экипаждын төрт мүчөсү жер менен жексен болгон бул кырсыктын себептерин 2017-жылы Мамлекет аралык авиациялык комитет иликтеп баштаган. Дээрлик үч жылдан ашык жүргөн иликтөөнүн жыйынтыгы былтыр февраль айында гана жарыяланып, анда кырсык учкучтардын катасынан улам болгону айтылган.

Ал эми каргашалуу учактагы жүк саясий өңүт алып, талаш-тартышка жем таштаган. Айрымдар жүктү ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнө байланыштырып келет.

Бирок азыркы күнгө чейин ээси табылбаган учактагы жүк, бүдөмүк кептер менен коштолгон гуманитардык жардамдар жана учактын кыйроо себеби бир катар суроолорду жаратып  так жообу табылбай келет.

Количество просмотров: 295