• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Аткезчилик фактысы боюнча келтирилген зыяндын чыгымдары бюджетке кирешеленди

2 Теке 2019 9:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.07.2019.Govori.TV.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында күйүүчү жана майлоочу материалдардын мыйзамсыз кирүү фактысы боюнча келтирилген зыяндын чыгымдары бюджетке кирешеленди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын аймагына Казакстандан Республикасы аркылуу контрабандалык каналдар аркылуу алып кирүү фактысы боюнча жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, «П.П.К.» ЖЧК тарабынан мамлекеттин бюджетине зыян келтирилген 6 млн 543 миң сом өлчөмүндөгү акча каражат депозиттик эсепке которулган.

Мурда Кыргыз Республикасынын УКМК ККК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына Казакстандан темир жол аркылуу чийки газ конденсатынын компоненттери катары, милдеттүү салык төлөмдөрүсүз күйүүчү жана майлоочу материалдардын мыйзамсыз кирүү каналдары аныкталган. Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алынып келинген «Кара-Арча» жана “Кант” темир жол станциясынан беш цистерна күйүүчү жана майлоочу материалдар кармалган.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын УКМК Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан тергөө иштери улантылып жатат.

Количество просмотров: 3