• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Аткезчилик менен алынган 30 млн. сомдук телефондор кармалды

1 Бугу 2018 11:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01.05. 2018. Govori.TV
Жалал-Абад облусунда аткезчилик жол менен Кыргызстанга киргизилген 30 млн. сомдук товар кармалды. Бул боюнча УКМКнын маалымат-кызматы билдирүү таркатты.

Анда белгилүү болгондой, УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызматынын оперативдүү тобу 27-апрелде Жалал-Абад облусунда оор жүк ташуучу унааны токтотушкан. Текшерүү учурунда, унаага жүктөр жүк ээлери менен бажы кызматкерлеринин алдын-ала макулдашуусуна ылайык катттоодон өтпөгөнү, тиешелүү төлөмдөрдү төлөнбөй аткезчилик жол менен Кыргызстанга киргени ачыкталган. Жүк негизинен күнүмдүк керектелүүчү товарлар менен бирге ар түрдүү моделдеги чөнтөк болуп, жалпы баасы 30 млн. сомдон ашканы аныкталган.

Учурда бул иш боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш иши ачылып, териштирүү башталды.
Количество просмотров: 27