• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Аткезчилик менен келген күйүүчү майлар мамлекеттин капчыгына сокку урууда

16 Бугу 2019 11:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.05.2019.Govori.TV.

16-майда Кыргызстанга аткезчилик жол менен кирген күйүүчү майлар туурасында кайрадан маселе көтөрүлүп, журналисттерге маалымат жыйын уюштурулду.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын эсебинен Кыргызстанга келген күйүүчү май 1,7 млн тоннаны түзүп, анын ичинен 1,1млн тоннасы Орусиядан келип, 300 миң тоннасы Кыргызтанда өндүрүлгөн. Натыйжада күйүүчү майларга карата жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн жарымы гана мамлекеттик бюджетке түшүп, калган 30-40% аткезчилик жол менен ташылып жатканы айтылды.

УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов: «Күйүүчү-майлоочу майлардын сапатын, алардын ташылып келишин мамлекет дыкаттык менен көзөмөлгө алыш керек. Өзүбүздүн эмес сырттан келген күйүүчү майлар кымбат баада сатылып жатса, Кыргызстандын экономикасына пайда деле түшпөйт»,-деди өз сөзүндө.

Андан тышкары, сапатсыз,мыйзамсыз ташылып келинген күйүүчү майлар экологияга дагы терс таасирин тийгизип жатканын кошумчалашты.

Белгилей кетсек, күйүүчү майдын аткезчилиги боюнча маселе бүгүнкү күнгө чейин байма-бай көтөрүлүп бирок майнап чыкпай келет.


Количество просмотров: 11