Бишкек. 25.07.2019. Govori.TV
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Орусиядан кайтып келди. Ал түшкөн учак бүгүн, 25-июлда Канттагы авиабазага келип конду. Аны авиабазанын алдынан тарапташтары тосуп алды.
Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып аны Москвага Орусиянын президенти Владимир Путин чакырганын жана атайын учак жибергенин билдирди.
Ошондой эле Атамбаев,«Ал (Владимир Путин) менин досум, жакын адамым. «Келип кет» деп атайын самолёт жөнөттү. Бул биринчи эле жолкусу эмес. Буга чейин да эки-үч жолу суранды. Такыр эле барбай койсом да уят болмок. Ал киши «Кыргызстан эмне болот, үчүнчү революция болуп кетпейби?» деп кайгырып атат. Мен ал кишиге революцияны дайыма бийлик жасайт, эл айла жок көтөрүлөт дедим»-деп айтты.