6-июлда Чуңкурчак капчыгайындагы Fly Jump комлексинде трагедия болду. Аскадан секирүү учурунда аркан үзүлүп кетип, 39 жаштагы киши каза тапты. 25 метр бийиктен кулаган адамга медициналык жардам көрсөтүүдөн майнап чыккан эмес.
Мындан улам күн тартибине оюн-зоок көңүл ачуучу жайлардагы коопсуздук маселеси чыкты.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экотехникалык көзөмөл кызматынын башкы адиси Гүлайым Исманбекованын айтымында баардык аттракциондор кооптуу объекттердин катарынан 2023-жылы чыгарылган.
«Негизинен 2016-жылы аттракциондор өнөр-жай багытындагы коопсуздук боюнча мыйзамынын 5-беренесине ылайык аттракцион бул кооптуу объект деп киргизилген. Ошондо мыйзамдын негизинде бул кооптуу обьект деп аттракциондордун камсыздандырууларын мындан тышкары кооптуу объект катары талаптарды койчубуз. Анан 2023-жылы 10-январда мыйзамга өзгөрүүлөр кирип аттракциондор кооптуу обьекттен чыгарылып калган», — деп билдирди Исманбекова.
Ал эми активист, «Биздин укук» коомдук фондунун башчысы Калича Умуралиева мындай чечимди туура эмес деп баалайт.
Анын айтымында, аттракциондорго кооптуу объект катары талаптар коюлуп текшерүүлөр жүрүүсү керек.