Бишкек шаарынын тургуну жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып, жардам сурады.
Анын айтымында, 14 жаштагы иниси менен Бишкектин Фучик көчөсүндөгү ооруканалардын бирине келип, дарыгерге көрүнүү үчүн кезек күтүп турган.
«Иним аутизмдүү. Кезекте турганда бир киши инимди муштуму менен урганда, ал катуу кыйкырды», — дейт ал.
Анын белгилешинче, инисинин сумкасы болгону кол көтөргөн кишиге тийип кеткен.
Жабырланган бала менен анын эжеси милицияга арыз менен кайрылышкан. Алар ур-токмокко кабылган учурду видеого тартып алышкан.