«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп, өлкөнүн түштүк аймагынан келген лидер айымдар катышты. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.
Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.
Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бүгүнкү эфирде “Региондо эмне үчүн зордук-зомбулук күчөдү?” деген тема талкууланат.
Кара Кулжа айыл өкмөтүнүн коомдук коопсуздук боюнча башка адиси Айсулуу Мойдунованын айтымында зордук-зомбулук учурлары аймактарда салыштырмалуу өсүп жатат жана буга бир нече себептер бар.
Анын айтымында негизги себептердин бири бул билимдин жетишсиздиги.
«Зомбулук коомдогу эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири болуп жатат. Аймактарда зордук-зомбулук ар кандай жагдайларда кездешет. Мисалга алсак, билимдин жетишсиздиги, айрымдар мындай абалда кайда кайрылаарын билишпейт. Дагы бир себеби катары жакырчылыкты айтсак болот. Жокчулуктун айынан адамдардын стресске кабылуусу… Мындан тышкары жакырчылыктан улам үй-бүлөдө апасы же атасы, же экөө тең миграцияга кетип, балдар кароосуз калган учурлар болуп жатат. Андан тышкары эски стереотиптин калып калганы болуп жатат. «Кой уят, муну жашыралы» дегендин артынан канчалаган айымдар, балдар, кыздар зомбулукка кабылган учурлар бар»,-дейт ал.
Кепке кошулган Ноокат районунун Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы Нурайым Атаканова зордук-зомбулуктун келип чыгуусун адамдын социалдык абалы менен байланыштуу дейт.
Атаканова зомбулук фактыларын алдын алуу иштерин аткарууда жергиликтүү бийликтин ролу абдан чоң экенин белгиледи. Анын айтымында зомбулукка кабылган адам менен психологдор иш алып барып анын жан дүйнөсүн дарылоо зарыл.
Ал эми Улуттук медиация борборунун Жалал-Абад облустук филлиалынын директору Зарина Кошалиева үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу үчүн билимдүү коомду тарбиялоо багытында иштерди алып баруу керек.
Бүгүнкү “Кыйындын”катышуучулары:
Модератор —Кайыргүл Урумканова.