ДЦП менен ооруган кызын өз атасы зордуктагандыгы боюнча энеси шекшип жатканы белгилүү болду.
Оорулуу кыздын энесинин айтымында, ал көп убакыттан бери күйөөсү көрсөткөн зомбулуктан жабыркап келет. Анын күйөөсү 30-декабрда Таластан Бишкекке келип, уктаардын алдында чыр салган. Мас күйөөсү аны сабап, күч менен сыртка кууп чыккан.
Аял үйдөн качып чыгып, бирок үйдө оорулуу кызы калганынан улам, милицияга кайрылган. Милиция кызматкерлери болжол менен бир сааттан кийин келишкен, алар келип үйгө киргенде эркек уктап жаткан. Аларды милиция бөлүмүнө алып барып, күйөөсүн бир аз убакытка ал жакта кармашкан.
Аял эртең менен кызынын ич кийими булганып калганын байкап, ооруканага кайрылган, ал жактан кыз зордукталганын, балким буга чейин да зордуктоо болгонун айтышкан.
Кыздын энеси өзүнүн, кызынын өмүрү үчүн корко турганын, себеби буга чейин күйөөсү эгер ал милицияга кайрылса өлтүрөм деп коркутканын айткан.
Ал эми Бишкектин Ленин РИИБи үй-бүлөлүк зомбулук боюнча даттануу түшүп, бул факт боюнча С.Б. аттуу жаран жети суткага кармалганын билдирген.
Зордуктоого шектелип жаткан оорулуу кыздын энеси К.Дан арыз түшүп, анын атасы 2007-жылы туулган кызын зордукташы мүмкүн экендигин билдирген. Зордуктоого шектелген адам кыздын өз атасы экени маалым болду.
Бул факт тиешелүү жерлерге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Азыркы учурда бардык экспертизалар дайындалды, анын жыйынтыгынан соң андан аркы чечимдер кабыл алынат.