Австралиянын борбору Канберраны жаңы табигый кырсык курчады. Нөшөрлөп жааган жаан, катуу мөндүргө айланып бир нече унаалар, дүкөндөр, бак-дарактар талкаланды. Эки адам жаракат алганы айтылууда.
Кеминде миңдеген турак үй жарыксыз калды. Мөндүрдүн көлөмү гольф тобундай болуп, куштар дагы жабыркады. Австралиянын Даббо шаарын, Жаңы түштүк Уэльс штатын кум аралаш бороон каптаган. Шамалдын ылдамдыгы саатына 107 чакырымга жеткен.