Камактагы активист Афтандил Жоробековдун иши боюнча биринчи отурум 29-февралда Бишкектин Ленин райондук сотунда өттү. Соттук жараяндын жүрүшүндө Жоробековго айыбы угузулду. Анда мамлекеттик айыптоочу Абасканова Кылмыш-жаза кодексинин 278-бересинин 3-бөлүгүнө ылайык айып тагылганын билдирди.
Сот отурумуна лингвистикалык экспертизаны жүргүзгөн Нурлан Сартпаев келген жок. мындан улам сот 12-мартка жылды.
Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активисттин камалганына эки айдан ашты. Ага “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.