Бишкек.26.03.2019.Govori.TV.
Интернетте автобус башкарып бара жаткан айдоочунун колу карышып калып, рульду башкара албай калган видеосу тарады.
Маалыматка ылайык, окуя Кытайдын Сишуанбаньна-Дай автономдуу округунда болгон. Автобустун салонуна орнотулган видеокамерадан айдоочу калтырап-титиреп, унааны айдоого чама-чаркы келбей калганын көрүүгө болот. Чуру-чуу түшкөн элдин өмүрүн ордунан тура калып, унааны токтото алган жигит сактап калган.
Булак: sputnik.kg