• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Автобуста аялга асылган киши 15 суткага камалды

23 Чын куран 2024 10:46 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда 45 жаштагы киши Термез-Ташкент каттамындагы автобуста жанында уктап калган аялдын төшүн кармалаганы үчүн 15 суткага камалды. Шектүү аялга колу кокустан тийип кеткенин айтууда.

Сот материалдарына ылайык, окуя 2023-жылы ноябрь айында болгон.

Аялдын айтымында, эркек анын төшүн кармалаган. Ал ойгонуп, ага каршылык көрсөткөн.

Эркек сотто аялга колу кокустан тийгенин айткан. Мындан тышкары жабырлануучу шектүүгө чара көрүүгө батынбаган укук коргоо кызматкерлерине каршы арызданган.

Сот шектүүнү “майда бейбаштык” жана “сексуалдык асылуу” беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты. Ага 15 суткага административдик камакка алуу өкүмү чыкты.

Количество просмотров: 401